Редакцияот 11.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 1 – сессиясынын

2021-жылдын 11-майы № 1

Могол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясынын эсептөө комиссиясынын төрайымы Жумабаева Кадича Могол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча жасаган билдирүүсүн эске Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 37-беренесин жетекчиликке алуу менен ошондой эле Могол айылдык Кенешинин 2019-жылдын 26-декабрында бекитилген регламентинин 5-главасына таянып Могол айылдык Кенеши токтом кылат:

1. Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясынын эсептөө комиссиясынын, Могол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча өткөргөн отурумунун №1-жана №2 протоколдору бекитилсин.

2. Могол айылдык Кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп Могол айылдык Кеңешинин депутаты Мамарасулов Абдиллаким Андашович эсептелсин.

 

Могол айылдык Кеңешине төрагалык кылуучу

А. Аташов