МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXI – сессиясынын
2021-жылдын 15-марты № 1
Могол айылдык кенештин Торагасы жөнүндө арызы жөнөндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрү боюнча мыйзамдарынын талаптарына ылайык Могол айылдык Кеңештин төрагалык кызматынан өз калоосу менен баш тартуу арызын карап жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:
1. Могол айылдык Кеңешинин төрагасы Эрмеков Канжарбек Миркасымович 2021-жылдын 11-апрелиндеги өтө турган жергиликтүү кенештин шайлоосуна катыша тургандыгына байланыштуу жана шайлоо мыйзамдарынын талабына ылайык Могол айылдык Кеңештин төрагалык кызматынан өз калоосу менен баш тарткандыгы бекитилсин.
2. Могол айылдык Кеңешинин төрагалыгына Могол айылдык Кеңешинин депутаты Рустам Юлдашев көрсөтүлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайлык Могол айыл өкмөтүнүн расмий www.mogol.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Тиленовко милдеттендирилсин.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | А. Мамарасулов |