Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI – сессиясынын
2020-жылдын 25-декабры № 3
Ооган-Талаа айылындагы №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин жылытуу системасын куруу долбоору жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылындагы №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин жылытуу системасын куруу боюнча 2020-жылдын 21-декабрындагы элдик жыйындын №1токтомунун негизинде Могол айылдык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги XХVI -сессиясы токтом кылыт:
1.Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылынын тургундарынын №17 С.Далбаев атындагы гимназиясынын жылытуу системасын куруу боюнча 2020-жылдын 21-декабрындагы элдик жыйынынын №1-токтому бекитилсин.
2.Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү програмасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн Ооган-Талаа айылындагы №17С.Далбаев атындагы мектеп гимназиясынын жылытуу системасын куруу долбоорун ишке ашыруу колдоого алынсын.
3.№17С.Далбаев атындагы мектеп гимназиясынын жылытуу системасын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында элдик салымын камсыздоо үчүн 510000 (беш жүз он миң) сом акча каражаты ажырытылып берилсин.
4.№17 С.Далбаев атындагы мектеп гимназиясынын жылытуу системасын куруу боюнча долбоорду даярдоо жана долбоорду ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко тапшырылсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке жүктөлсүн.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | Т. Омурзаков |