Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI – сессиясынын
2020-жылдын 25-декабры № 4
Көк-Тонду айылынын №15 Жумалы атындагы орто мектебинин территориясына машыгуу зал куруу жѳнүндѳ
Могол айыл аймагынын Көк-Тонду айылынын тургундарынын арызы жана №15 Жумалы атындагы орто мектебинин 2020-жылдын 17-ноябрындагы кезексиз педагогикалык кеңешмесинин №3 протоколу менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХVI-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Тонду айылынын №15 Жумалы атындагы орто мектебинин территориясына жаштар үчүн машыгуу залын курууга уруксат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | Т. Омурзаков |