Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI – сессиясынын
2020-жылдын 25-декабры № 5
Ооган-Талаа айылынын жергиликтүү калкын сугат суу менен камсыз кылуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылынын жергиликтүү калкын сугат суу менен камсыз кылуу максатында 2020-жылдын 19-декабрындагы элдик жыйындын №1 токтомунун негизинде Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезектеги ХХVI -сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылынын тургундарынын сугат суу менен камсыз кылуу боюнча 2020-жылдын 19-декабрындагы элдик жыйынынын №1-токтому бекитилсин.
2. Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн Ооган-Талаа айылынын жергиликтүү калкын сугат суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруу колдоого алынсын.
3. Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылынын тургундарын сугат суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруу максатында өздүк салымын камсыздоо үчүн 81500 (сексен бир миң беш жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
4. Ооган-Талаа айылынын жергиликтүү калкын сугат суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорду даярдоо жана долбоорду ишке ашыруу айыл ѳкмѳтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык Кеңештин тѳрагасынын орун басары Р.Юлдашевке жүктѳлсүн.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | Т. Омурзаков |