Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI – сессиясынын
2020-жылдын 25-декабры № 7
Жылдын жыйынтыгы менен саламаттыкты сактоо кызматкерлерин сыйлоого сунуштоо жөнүндө.
Пандемия менен күрөшүүдө, элге кызмат көрсөтүүдө күжүрмөн эмгеги үчүн кошкон салымы үчүн сыйлоо жөнүндө Могол айылдык Кеңешинин депутаты Б.Акимжановдун сунушун угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезектеги ХХVI -сессиясы токтом кылат
1. Пандемия менен күрөшүүдө, элге кызмат көрсөтүүдө күжүрмөн эмгеги үчүн Могол айыл аймагында эмгектенген төмөндөгү саламаттыкты сактоо кызматкерлери сыйлоого сунушталсын:
1. Жумабаева Кадича- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин “Ардак Грамотасына”
2. Эргешова Карамат- КР Жалал-Абад областык өкүлчүлүгүнүн “Ардак Грамотасына”
3. Эргешова Кандалат, Нурмаматова Гулмира - Базар-Коргон райондук мамлекеттик админтистрациясынын “Ардак Грамотасына”
4.Токтомуратова Саткын жана Аликулова Гулбахор –Могол айыл өкмөтүнүн “Ардак Грамотасына”
5. Стамбекова Нурай жана Карымшаков Алмаз- Могол айылдык Кенешинин “Ардак Грамотасына” сунушталсын.
2. Сыйлоо үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап тапшыруу Могол айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык Кеңештин тѳрагасынын орун басары Р.Юлдашевке жүктѳлсүн.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | Т. Омурзаков |