МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX – сессиясынын
2021-жылдын 5-марты № 3
Могол айыл өкмөтүнүн 2019- 2020-жылдарда жергиликтүү бюджетинен айрым статьяларды кыскартуу жөнүндө
Могол айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына,социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна аудит жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош ,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин 2021-жылдын 15-февралындагы №02-3/32 - буйругунун негизинде Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин түзүлүшунө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгына ылайык 2019-жыл жана 2020-жылдын бюджеттик мезгилине карата максатсыз чыгымдалган акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана 2021-жылдын бюджетинин I –кварталынын сметасын кыскартуу максатында Могол айылдык Кеңешинин кезексиз - сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына,социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна аудит жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош ,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин 2021-жылдын 15-февралындагы №02-3/32- буйругунун негизинде Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин түзүлүшунө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Могол айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
2. 2019-жылы бюджеттик мезгилине карата максатсыз чыгымдалган 40,0 миң сом атайын акча каражаты мыйзамдаштырылсын жана 2021-жылдын I –кварталынан 2222-статьясынан 40,0 миң сом атайын акча каражаты кыскартылсын.Жалпысынан 2019-2020 жылдын жыйынтыгы менен бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү менен максатсыз чыгымдалган 40,0 миң сом атайын акча каражаты беренелер боюнча кыскартылсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз республикасынын Финансы министрлигинин Базар Коргон башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомго ылайык зарыл чараларды көрүү,тийиштүү бухгалтердик отчетторду түзүү жана 2021-жылдын I –кварталына бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловго,финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы З.Укубаевага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | К. Эрмеков |