Редакцияот 05.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX – сессиясынын

2021-жылдын 5-марты № 4

№ 6 Тоо-Гүлү бала бакчасына наам коюу жөнүндө

Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылынын №6 «Тоо-Гүлү» балдар бакчасына наам коюу боюнча жалпы чогулушунун токтому менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХX сессиясы токтом кылат:

1.Ооган-Талаа айылынын тургундарынын 2021-жылы №6 «Тоо-Гүлү» балдар бакчасына наам коюу боюнча жалпы чогулушунун токтому бекитилсин.

2. Ооган-Талаа айылындагы балдар бакчасына көп жылдардан бери, балдар бакчасында жетекчи болуп эмгектенип, бала бакчанын түптөлүшүнө үзүрлүү иштеген айылдын тургуну Илясова Алима эженин аты берилсин.

3. Ооган-Талаа айылындагы балдар бакчасына наам берүү боюнча тиешелүү документтерин даярдоо жагы бала бакча башчысы Б.Абдукеримовага  тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловко тапшырылсын.

 

Могол айылдык Кенешинин төрагасы

К. Эрмеков