Редакцияот 05.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX – сессиясынын

2021-жылдын 5-марты № 5

Көк-Тонду айылынын № 9 Китепканасына наам коюу жөнүндө

Могол айыл аймагынын Көк-Тонду айылынын №9 Китепканасына наам коюу боюнча жалпы чогулушунун токтому менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХX сессиясы токтом кылат:

1. Көк-Тонду айылынын тургундары менен болгон жыйындын негизинде №9 Китепканасына наам коюу боюнча жалпы чогулушунун протоколу бекитилсин.

2. Көк-Тонду айылында үзүрлүү иштеген айылдын тургуну Мамарасулов Андаштын китепканага аты берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Элге билим берүү саламаттыкты сактоо,маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Омурзаковко тапшырылсын.

 

Могол айылдык Кенешинин төрагасы

К. Эрмеков