МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX – сессиясынын
2021-жылдын 5-марты № 6
Көк-Тонду, Кара-Ой айылдарынын жашоочуларынын арызы жөнүндө
Могол айыл аймагынын Көк-Тонду, Кара-Ой айылынын тургундарынын арызынын негизинде агрардык азык түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Акимжановдун билдирүүсүн угуп жана талкулап Могол айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХX сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Тонду, Кара-Ой айылынын жашоочуларынын арызын эске алып, азыркы учурда эки айылдын тургундары Ачы токой чарбасына караштуу жерге өз алдынча там салып жашап жаткандыгына байланыштуу Ачы токой чарбасынын карамагындагы жерди трансформациялоого чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлсүн.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Могол айыл өкмөтүнүн башчысына жана Ачы токой чарбасынын жетекчисине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловко тапшырылсын.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | К. Эрмеков |