МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII – сессиясынын
2021-жылдын 25-январы № 7
Ооган-Талаа айылына бала бакча ачуу жөнүндө.
Могол айылдык Кенешинин депутаты К.Жумабаеванын сунушун угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектегиХХVII -сессиясы токтом кылат:
1. Ооган-Талаа айылынын Майда-Жаңгак участкасына бала бакча ачуу үчүн Ачы лезхозунан жер ажыратып берүү жагы суралсун.
2. Тийешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Могол айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | Т. Омурзаков |