Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII – сессиясынын
2021-жылдын 25-январы № 8
Могол айыл аймагынын тургундарынын көйгөйлүү маселелерин жөнүндө.
Могол айылдык Кенешинин депутаттары Т.Абылкасымов жана К.Жумабаеванын сунуштарын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХVII -сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймагында Пандемияга байланыштуу жана аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу аз камсыз болгон жана социалдык абалы төмөндөгөн үй-бүлөөлөрдүн көбөйгөндүгү белгиленсин.
2. Жөлөк пул шарттарын жеңилдетүү жана баардык балдарга тегиз жөлөк пул төлөө боюнча тийешелүү органдарга жергиликтүү депутаттардын атынан кайрылуу жолдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко жүктөлсүн.
3. Калктын социалдык абалын эске алуу менен токой чарбанын ижара акыларынын тарифтерин төмөндөтүү боюнча токой чарба департаментине жергиликтүү депутаттардын атынан кайрылуу жолдоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Базар-Коргон Арсланбап жолунун абалы өтө начар экендигин белгилөө менен айрыкча Чкалов айылынын тушу жана Ооган-Талаа айылынын жолун оңдоо боюнча Базар-Коргон райондук ДЭП-50 ишканасына жергиликтүү депутаттардын атынан кайрылуу жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | Т. Омурзаков |