Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX – сессиясынын
2021-жылдын 22-февралы № 1
Могол айыл аймагында түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Могол айыл аймагында түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди сунуштоо протоколдору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагында түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын резервине сунушталган талапкерлер тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жаңы түзүлгөн № 2454 Табылгы-Ата участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине сунушталган талапкерлер тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомду бекитип берүү жагы Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловко тапшырылсын.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | К. Эрмеков |