Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы
2021-жылдын 28 июлу № 18
Муниципалдык менчиктеги мүлктү убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарындагы № 28 Т.Ормонбеков атындагы мектеп-лицейинин директору А.А.Телтаеванын 31.05.2021-жылдагы № 39 кайрылуу катын кароо боюнча “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик,суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Бөкөнбаев атындагы орто мектебине караштуу эски фин тибиндеги курулуш менен курулган мектеп имаратынан 4 (төрт) класстык бөлмө № 28 Т.Ормонбеков атындагы мектеп-лицейинин убактылуу пайдалануусуна берилсин.
2. Жогоруда аталган 4 класстык бөлмө, мектепке тиешелүү китептерди сактоо үчүн китепкана катары жана башка чарбалык буюмдарды сактоо үчүн гана пайдаланылсын.
3. Мектеп директорлорунун жана Токтогул шаардык мэриясынын ортосунда класстык бөлмөлөрдөгү инвентарларды өткөрүп берүү боюнча акт түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |