Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы
2021-жылдын 28 июлу № 19
Эски техникаларды сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча”, “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссияларынын биргелешкен жыйналышынын корутундусун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиялардын биргелешкен корутундусуна ылайык, Токтогул шаардык мэриясынын балансындагы, “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасына оперативдүү чарбалык башкаруу укугу менен берилген, бүгүнкү күндө колдонууга жараксыз болгон төмөндөгү техникаларды сатууга макулдук берилгендиги белгиленсин:
1) Мерседес 811, мамлекеттик номери 299 АС (1996-ж)
2) ЮМЗ трактор, мамлекеттик номери 1712 TRKR (1985-ж)
3) ЮМЗ эксковатор, мамлекеттик номери 1715 TRKR (1985-ж)
4) ЗИЛ автовышка, мамлекеттик номери 872 AC( 1978-ж)
5) ЗИЛ суу ташуучу, мамлекеттик номери (1983-ж)
2. Жогоруда аталган техникаларды сатуу иштерине байланышкан төмөндөгү иштер аткарылсын:
- атайын комиссия түзүлсүн;
- сатуу баасы аныкталсын;
- сатуунун жыйынтыгы боюнча кеңешке маалымат берилсин;
3. Токтогул шаардык кеңешинин төмөндөгү депутаттары комиссия курамына кошулсун:
1) Дөөлөтбеков Максатбек Кошукеевич
2) Дербишев Кубанычбек
3) Момунов Тимурлан Алымович;
4. Бул токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (М.Калмурзаев, К.Дербишев) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |