Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
2021-жылдын 27 апрели № 14
Токтогул шаарынын аймагында үстү жабык кичи футбол аянтча курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун сунушу боюнча сессиянын жүрүшүндөгү “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын жана башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги жердин 1500 м2 аянтына үстү жабык кичи футбол аянтчасын курууга макулдук берилгендиги белгиленсин.
2. Жогоруда курулуш иштерине байланышкан бардык иштер (архитектуралык-пландоо шарттарын, инженердик-техникалык шарттарын алуу, долбоордун сметалык документтерин даярдоо, экспертизадан өткөрүү ж.б.) мыйзамда каралган тартипе тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылсын.
3. Аталган курулушка керектүү каражат булактарын табуу боюнча иш алып баруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |