Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
2021-жылдын 27 апрели № 15
04.02.2021-жылдагы кезектеги XXXII сессиянын № 05, 06 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Бюджеттик Кодекстин талаптарына ылайык, жыл башында бөлүнгөн айрым акча каржаттарынын багытын өзгөртүү зарылчылыгы “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссияларынын мүчөлөрү менен макулдашылды.
Жыйынтыгында, депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагылардын негизинде, аталган токтомдорго төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 04.02.2021-жылдагы № 05 токтомдун 2-пунктундагы үстү жабык кичи футбол аянтчасын курууга бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен, долбоордун сметалык эсептөөлөрүнө ылайык, 2 559, 2 миң сом А.Козубеков атындагы Эс алуу багындагы кичи футбол аянтчасын капиталдык ондоп түзөө иштери үчүн жумшалсын;
- 04.02.2021-жылдагы № 06 токтомдун 5-тиркемесинин 41-пунктундагы “Бөкөнбаев көчөсүнө муниципалдык базар куруу” деген сүйлөм “Токтогул шаарынын Коргол көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 3100 м2 жер аянтына 75 орундуу балдар бакчасын курууга” деген сүйлөм менен алмаштырылсын;
2. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков), ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
3. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Дербишев) милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |