Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы
2021-жылдын 30 марты № 10
Токтогул шаарынын аймагында социалдык шаарча курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул районунун аймагындагы социалдык жактан колдоого муктаж үй бүлөлөргө “АС-САФА Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан турак үй куруп берүү долбоору жөнүндө Токтогул шаардык кеңешинин депутаты М.Калмурзаевдин жана Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун маалыматы шаардык кеңештин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында талкууланды.
Туруктуу комиссиянын жыйналышынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “АС-САФА Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан Токтогул шаарынын аймагында социалдык шаарча куруу долбоорун ишке ашырууга макулдук берилгендиги белгиленсин.
2. Токтогул шаарынын Акжон кичи районундагы С.Абышов № 52 көчөсүндөгү 15 120м2 жер социалдык шаарча куруу үчүн колдонулсун.
3. Турак үйлөр курулган шартта, алардын жалпы санын 50% Токтогул шаарындагы колдоого муктаж үй-бүлөлөргө, калган 50% Токтогул районунун башка айылдарындагы үй-бүлөлөргө ыйгаруу жагы каралсын.
4. Долбоорду ишке ашыруу үчүн суралган маалыматтар, документтер менен өз убагында камсыздоо, жалпысынан токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча тиешелүү иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М. Жусупахунов |