Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы
2021-жылдын 30 марты № 11
Токтогул шаарынын аймагынын административдик чек арасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Токтогул шаарынын административдик чек арасын аныктоо жана бекитүү боюнча “Кыргызмамжердолбоорлоо” институту тарабынан иштелип чыккан, жетектөөчү адис К.К.Акматалиевдин жазуу жүзүндөгү баяндамасы Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.
Туруктуу комиссиянын жыйналышынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2. Токтогул шаарынын аймагынын административдик чек арасын бекитүүгө макулдук берилсин.
3. Жер мамилелерин жөнгө салууну бекитилген чек арага ылайык жүргүзүү жагы Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков), жерге укук берүү боюнча комиссияга (К.Жумалиев) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча тиешелүү иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М. Жусупахунов |