Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы
2021-жылдын 30 марты № 12
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу маркум К.Казакбаевдин ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын жашоочусу Р.Казакбаевдин 18.03.2021-жылдагы кайрылуусу боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Токтогул шаарынын 7-кичи районундагы Кайрак көчөсүнүн аты өзгөртүлсүн, ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап бул көчө Казакбаев Курман атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн инфраструктурасын жакшыртуу, жарыктандыруу, жолун тегиздөө, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөнүн аты жазылган тактайчаларын даярдоо, илдирүү боюнча иштер жүргүзүлсүн.
3. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) жүктөлсүн
4. Аткарылышын тиешелүү туруктуу комиссия (У.Тойчубеков) көзөмөлгө алсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М. Жусупахунов |