Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы
2021-жылдын 30 марты № 13
04.02.2021-жылдагы кезектеги XXXII сессиянын № 06 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Бюджеттик Кодекстин талаптарына ылайык, Хельветас Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясы менен биргеликте жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчун потенциалды жогорулатуу боюнча гранттык макулдашуунун негизинде 2021-жылга иш-чараларды өткөрүүгө берилүүчү акча каражаты жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 30.03.2021-жылдагы сунушу боюнча шаардык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 04.02.2021-жылдагы кезектеги XXXII сессиянын № 06 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө туруктуу комиссиянын корутундусу колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Корутундуга ылайык, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн гранттык макулдашуунун алкагында эки транш менен берилүүчү 48,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын, төмөндөгү багыттарда чыгымдалсын:
Статья 2222 5,6 миң сом –канцеллярдык товарларга;
Статья 2215 30,0 миң сом – кофе брейк, түшкү тамактанууга;
Статья 2215 8,5 миң сом –маалыматтык таркатуучу материалдарга, банерлерге;
Статья 2211 4,0 миң сом – жергиликтүү координаторлорго компенсация (транспорттук чыгымдарга);
3. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду жалпысынан аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Дербишев) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М. Жусупахунов |