Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2021-жылдын 4 февралы № 01
2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, 2020-жыл ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасынын, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жалпы аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбеков бир жылдык отчетун берди.
Б.Болгонбековдун отчетун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 2020-жыл ичинде аткарган иштери жалпысынан канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
2. Төмөндөгүлөр аткарууга алынсын:
1) Конкурстун (тендер өткөрүүнүн) жыйынтыгы менен курулуш иштери боюнча түзүлгөн ар бир келишимдин шарттарынын так аткарылышы көзөмөлгө алынсын;
2) Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү бекитилген, макулдашылган тартипте аткарууга алынсын;
3) сессиянын жүрүшүндө айтылган сын-пикир, сунуштарды аткаруу боюнча атайын иш-чара түзүлсүн, жоопкерчиликтүү иштер жүргүзүлсүн;
3. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) милдеттендирилсин.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга тапшырылсын (К.Дербишев, М.Калмурзаев, У.Тойчубеков, Д.Караева).
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага | М. Жусупахунов |