Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2021-жылдын 4 февралы № 05
01.01.2021 - жылга карата Токтогул шаарынын мэриясынын негизги жана атайын эсебинде калган акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана Бюджеттик Кодексине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын билдирүү, маалыматтарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэриясынын негизги жана атайын эсебиндеги акча каражатынын 01.01.2021-жылга карата калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө туруктуу комиссиянын маалымат, билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Жыл башында жалпы 8643,4 миң сом, анын ичинен, негизги эсептен калдык 8300,4 миң сом жана атайын эсептен калдык 343,0 миң сом, анын ичинен, мэриянын аппаратында 205,6 миң сом жана балдар бакчаларынын эсебинде 137,4 миң сом калгандыгы белгиленсин жана алар төмөндөгүчө бөлүштүрүлүп чыгымдалсын:
Негизги эсептен калдык: 8300,4 миң сом, анын ичинен:
Мэриянын аппаратына
Статья 2111 – 358,9 миң сом - жылдын жыйынтыгы менен кызматкерлерге сый акыга
Статья 2121 – 61,9 миң сом – соцфондго төлөөгө
Статья 2215 – 800,0 миң сом –Долбоорлоо –сметалык документтерди даярдоого
Статья 2215 – 28,7 миң сом - аз камсыз үй бүлө балдарына жаңы жылдык белек берүүгө (кредитордук карыз)
Статья 2221 -500,0 мин сом- жол сызыктарын чийдирүүгө (термопласт)
Статья 2222-19,1 миң сом – шайлоого кеткен чыгымга (кредитордук карыз)
Статья 3111- 1478,7 миң сом- долбоорлорго өздүк салым үчүн (стадиондогу жөө басуучу жолду асфальтоо, жарыктандырууга, фонтанды реконструкциялоого)
Статья 3111- 680,0 миң сом- жаңы жылдык жасалма балатыга
Статья 2215- 40,0 миң сом – жасалма балатыны жасалгалоо
Статья 3111- 3 000,0 миң сом- үстү жабык футбол аянтчасын курууга
Статья 3112 -326,2 миң сом –балдар ойноочу аянтча курууга (кредитордук карыз)
Шаардык кеңештин аппаратына
Статья 2111 – 53,8 миң сом -жылдын жыйынтыгы менен кызматкерлерге сый акы үчүн
Статья 2121 - 9,3 миң сом –соцфондго төлөөгө
Балдар бакчаларына
Статья 3111- 647,4 миң сом - “Күн Нуру” балдар бакчасынын имаратынын чатырчасын жабууга
Мектептерге
Статья 2222 – 59,5 миң сом – чарбалык чыгымдарга (кредитордук карыз)
Балдар чыгармачылык үйүнө
Статья 3111 -196,0 миң сом –имараттын чатырчасын алмаштырууга
Статья 2222- 27,9 миң сом –чарбалык чыгымдарга (кредитордук карыз)
Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине
Статья 3112 –13,0 миң сом – принтердин картридждерин алмаштырууга, тонер толтурууга
Атайын эсептеги калдык : 343,0 миң сом, анын ичинен:
Мэриянын аппаратына
Статья 2215- 100,0 миң сом – пландаштырылбаган чыгымдарга
Статья 2215- 105,6 миң сом- мэриянын, шаардык кеңештин компьютерлерин, toktogul.kg сайтты тейлөө, картридждерди толтуруу, алмаштыруу
Балдар бакчасына
Статья 2218- 137,4 миң сом –тамак аш чыгымына
3. Бул токтомдун аткаруу Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дербишев) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М. Жусупахунов |