Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2021-жылдын 4 февралы № 07
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Токтогул шаардык мэриясынын ортосунда “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” түзүлгөн келишим тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жогоруда аталган мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттар белгиленген максатта жумшалсын.
3. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков),мэриянын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дербишев) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча тиешелүү иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага | М. Жусупахунов |