Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2021-жылдын 4 февралы № 08
Баткен окуясында курман болгондорго эстелик орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамдарына”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “1999-2000-жылдардагы Баткен окуясына Кыргыз Республикасынын аймактык бүтундүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө” токтомуна ылайык, Токтогул районунун бириккен Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы А.А.Хенин 21.01.2020-жылдагы кайрылуусу “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик,суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында каралган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Өкмөтүнүн 25.12.2018-жылдагы № 615 токтомуна ылайык, 26-октябрь жыл сайын өткөрүлүүчү 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерүү күнү деп белгиленгендиги эске алынсын.
2. Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаарынын А.Козубеков атындагы Эс алуу багынын ичинен Баткен окуясында курман болгондорго эстелик тургузуу үчүн ( Афган согушунда курман болгондорго эстелик орнотулган жердин катарынан) жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков),мэриянын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу тиешелүү туруктуу комиссияга (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М. Жусупахунов |