Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2021-жылдын 25 январы № 37
Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу аракеттер планын (КЖАП) ишке ашырууга өздүк салым үчүн керектелүүчү каражат жөнүндө
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2-фазасынын алкагында Токтогул шаардык мэриясы, А.Суеркулов айыл аймагы жана Жаңы-Жол айыл аймагы менен биргеликте, Муниципалитеттер аралык кызматташуу (МАК) келишиминин негизинде, кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу аракеттер планы (КЖАП) иштелип чыккан. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн өздүк салымга керектелүүчү акча каражаттары боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 15.01.2021-жылдагы № 01/3171 сандуу маалымкат-негиздемеси, “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы –Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинин директору К.Тайчабаровдун кепилдик каттары “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында талкууланды.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча аракеттер планын (КЖАП) ишке ашыруу үчүн өздүк салымга керектелүүчү төмөндөгү акча каражаттары “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы –Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинин акча каражаттарынын эсебинен бөлүнүп бериле тургандыгы эске алынсын:
- Жаңы-Жол айыл аймагына - 712,8 миң сом;
- А.Суеркулов айыл аймагына – 712,8 миң сом;
- Токтогул шаардык мэриясына -712,8 миң сом;
Жалпы: 2 138,4 миң сом (долбоордун наркынын 30% түзөт)
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн 2 138,4 миң сом акча каражатын Токтогул шаардык мэриясынын эсебине которуп берүү жагы жогоруда аталган мамлекеттик мекеменин директору К.Тайчабаровдон суралсын.
4. КЖАПтын өзүк салымы үчүн берилген акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын, максаттуу багыты боюнча жумшалсын.
5. 2021-жыл үчүн КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) Союзуна калктын санына жараша берилүүчү 1% мүчөлүк акыга 18,8 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилгендиги белгиленсин.
6. Жалпысынын токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) жана ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
7. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (К.Дербишев).
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М. Жусупахунов |