Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2021-жылдын 25 январы № 36
Түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорлорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, 2021-жылы Токтогул шаарында түрткү берүүчү гранттын эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери боюнча шаар мэри Б.Болгонбековдун 15.01.2021-жылдагы № 01-34/37 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылып, долбоорлордун өздүк салымына керектелүүчү төмөндөгү акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилгендиги белгиленсин:
1) А.Козубеков атындагы паркта жайгашкан стадиондогу жөө басуучу жолду оңдоо жана жарыктандыруу боюнча долбоордун жалпы сметалык наркы 2 945 940 сом, өздүк салым (25 %) 736 485 сом;
2) Борбордук аянттагы фонтанды оңдоо боюнча долбоордун жалпы сметалык наркы 2 969 049 сом, өздүк салым (25 %) 742 262 сом
Өздүк салымдын жалпы суммасы: 1 478 747 сом;
2. Бул каражат 2021-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүүдө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) жана ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (К.Дербишев).
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М. Жусупахунов |