Редакцияот 09.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

2021-жылдын 9-июну № 6

Жалал–Абад облусунун Токтогул районундагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө

Бел-Алды айылдык кенешинин VII чакырылышынын Кезексиз II сессиясынын

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу бекитилсин.

2. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссиянын протоколу боюнча “Жергиликтүү өз алдында башкаруу жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына

Багымбаев Болот Тияншанович шайланды деп эсептелинсин.

3. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Бек-Алды айылдык кеңешинин

тѳрагасы

 

А.А. Асанов