БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2021-жылдын 3-январы № 1
Бел-Алды айылдык кеңешинин 2021-жылга карата өтүлүүчү сессияларынын, иш мерчемдерин бекитүү жөнүндө
Бел-Алды айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айылдык кеңешинин сессияларынын 2021-жылга карата өтүлүүчү иш мерчеми бекитилсин.
2.Иш мерчемде бекитилген маселелерди алдын ала даярдалган таасирдүү кырдаалда өткөрүүнү уюштуруу жана өз убагында так аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңешке жана анын депутаттарына милдеттендирилсин.
3.Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бек-Алды айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ж. Боромбаев |