Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2021-жылдын 3-январы № 2
Жайыт комитетинин төрагасы У.Маралбаевдин 2020-жылдагы аткарган иши жана 2021-жылга пландалган бюджетин, мерчемделген иш планын бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы У.Маралбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Бел -Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт комитетинин төрагасы У.Маралбаевдин 2020-жылда аткарган иштери боюнча берилген маалыматы айрым сунуш-пикирлерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2.Жайыт комитети боюнча түзүлгөн 2021-жылга иш планы бекитилсин.
3.2021-жылга мерчемделген жайыт комитетине тиешелүү бюджети айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин ичинен жайыт акысы 363 940(үч жүз алтымыш үч миң тогуз жүз кырк) сом, жер салыгы 273 887 миң(эки жүз жетимиш уч миң сегиз жуз сексен жети ) сом болуп бекитилсин.
4.Жайыт акысын эсептоо боюнча шарттуу мал башына төмөндөгүдөй
1.Жандык 1.06 га. көтөрүү коэффициенти 0.2, жайыт билетинин баасы
27 сом 45 тыйын.
2.Жылкы жана бодо малга 5.3 га. көтөрүү коэффициенти 1,
жайыт билетинин баасы 137 сом 26 тыйын болуп бекитилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысы
Ж.Сартовага жүктөлсүн.
6.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
7.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бек-Алды айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ж. Боромбаев |