БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
2021-жылдын 30-марты № 6
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун (КР ЖӨБ Союзу) “ Жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды жакшыртуу долбоорунун алкагында К. Раманов атындагы айылдык китепканага электрондук китепкананы уюштуруу жана жылытуу системасын орнотуу боюнча долбооруна 500 000 сомдук гранддык сумманы айыл өкмөтунун бюджетине кириштөө жөнүндө
Бел-Алды айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды жакшыртуу долбоору жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылга “Жергиликтүү деңгээлде кызматтарды жакшыртуу” долбоору аркылуу каржыланып жаткан К. Раманов атындагы айылдык китепканага жылытуу системасын орнотуу жана электрондук китепкананы уюштуруу, кызмат корсотууну жакшыртуу учун грандтык макулдашуунун негизинде берилген 500 000 сом каражаты Бел-Алды айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелип жана чыгышталып максаттуу колдунулсун.
2. Долбоордун оздүк салымы үчүн атайын каражаттан суралган 325 900 сом айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кириштелип , план суралсын жана максаттуу чыгышталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаңы шайланган бюджет жана каржы комитетине жана долбоордун жетекчиси Раманкулова Н милдеттендирилсин.
4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларыны жөнүндө “ Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg cайтына жарыялансын.
5. Бул Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бек-Алды айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ж. Боромбаев |