БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
2021-жылдын 30-марты № 7
Бел-Алды айыл аймагында жайгашкан Чоң-Дөбө участкасынын ФПС жерлерин кайра бөлүштүрүү жөнүндө
“Жер адис Сманбеков Чолпонбектин маалыматын угуп жана талкуулап Бел -Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл аймагында жайгашкан Чөң-Дөбө участкасындагы кайра бөлуштүрүү (ФПС ) фонддунун жерлери боюнча айдоо жерлер 2017-жылдан 2022 -жылга чейинки тузүлгөн келишимдин негизинде ар бир жарандын өздөрунө калтырылсын.
2022-жылы келишимдер аяктагандан кийин жазылган арыздардын негизинде жаңы тартипте кайра бөлуштүрүлсүн.
2. Чабынды жерлер баштапкы дыйкан чарбаларга бөлүнгөн дыйкан чарба мүчөлөрүнө ижара катары келишимдин негизинде өздөрүнө калтырылсын. Чабынды жерлердин салыгы техника жүргөн аянттарга гектарына 300 сом,кол менен(чалгы) чабылган аянттарга 200 сомдон белгиленсин.
Айдоо жерлердин ижара акысы 500 сом боюнча калтырылсын.
3. Ижарага алынган жана чабынды жерлерди кайра башка атуулга сатууга же суб.ижарага берүүгө тыюу салынат.Ижарага бериле турган жерлерди туура ,так жана калыс бөлуштурүү Бел-Алды айыл өкмөтунүн башкы адиси Сманбеков Чолпонбекке милдеттендирилсин..
4. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бек-Алды айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ж. Боромбаев |