БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
2021-жылдын 30-марты № 8
П.Бадыровдун арызын канаттандыруу жөнүндө
Бел-Алды айылынын Бел-Алды сусуунун жээгинен ,тагырагы көпурөнүн ылдыйкы сел баскан жерден балык чарбасын уюштурууга 1(бир) га участогун бөлуп берүү жөнүндө П.Бадыровдун жазган арызын карап жана талкуулап
Бел-Алды айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арызда көрсөтүлгөн жер тилкесин чечип берүү жагын жайыт комитетинин төрагасы У.Маралбаевге милдеттендирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде балык чарбасын өндүрүү боюнча жана жерге ээлик кылуучу документтерди даярдоо жагы П.Бадыровго милдеттендирилсин.
3. Чегерилген жер аянтын төлөнүүчү салыктарын өз убагында төлөө арыз эсси П.Бадыровго милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы белгиленген максаттардан башка максаттарга пайдаланылса,кайра артка кайтарылып алынсын.
5. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бек-Алды айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ж. Боромбаев |