Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХV сессиясы
2020-жылдын 14-августу №14
Бел-Алды айыл аймагындагы “ Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбооруна кирген “Жаны-Арык каналын куруу” боюнча бөлүнгөн акча каражатын ,”Орто Жон” жана “Алма бак” долбоорлоруна бөлүштүрүү жөнүндө
“Жаңы-Арык каналын куруу” долбоору Дүйнөлүк банктын талабына дал келбегендиктен , долбоорлорду өзгөртүү боюнча жергиликтүү жамааттардын сунушун угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбооруна кирген “Жаны-Арык каналын куруу” долбоорунун 3 007 210 сом акча каражаты “Орто Жон” долбооруна, 4 170 334 сом “Алма Бак” долбооруна бөлүштүрүп, бөлүнгөн акча каражаттарына мөмөлүү көчөттөрдүү алууну киргизүүнү, даярдоо Н. Раманкуловага милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Багымбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы | Ж. Боронбаев |