Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХV сессиясы
2020-жылдын 14-августу № 16
Бел-Алды айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн негизги счетуна 2020-жылда Мегаком антенасынан түшкөн доходтон кароолчунун эмгек акысына төлөп берүү жөнүндө
“Бел-Алды айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн негизги счетуна 2020-жылда Мегаком антенасынан түшкөн доходтон кароолчунун эмгек акысына төлөө үчүн статьяга кошуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы Ж. Сартованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароолчуга эмгек акы үчүн “ 2111” беренесинен 24,0миң сом, соц фондуна “2121” беренесинен 4,1мин сом каралсын.
2. Жогорудагы акча каражатын туура пайдалануу жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы | Ж. Боронбаев |