Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 20
У. Узакбаевдин арызын канаттандыруу жөнүндө
Бел-Алды айылынын Жалгыз Тал участкасынан 0,50сотук жер тилкесин туризм тармагын өнүктүрүү жөнүндө У. Узакбаевдин жазган арызын карап талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин кезектегиVI чакырылышынын ХХХVIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арызда көрсөтүлгөн жер тилкесин чечип берүү жагы жайыт комитети У. Маралбаевге милдеттендирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча жана жерге ээлик кылуучу документтерди даярдоо жагы У. Узакбаевге милдеттендирилсин.
3. Чегерилген жер аянтынын төлөнүүчү жер салыктарын өз убагында төлөө арыз ээси У. Узакбаевге милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы белгиленген максаттардан башка максаттарга пайдаланылса , кайра артка кайтарылып алынсын.
5. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
6. .Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ж. Боронбаев |