Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 21
Э. Бадыровдун арызын канаттандыруу жөнүндө
Бел-Алды айылынын , Бел-Алды суусунун жээгинен тагырагы көпүрөнүн астындагы жерден 0,30 сотук жер тилкесин чакан ишкердик кылууга чечип берүү жөнүндө Э. Бадыровдун жазган арызын карап талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин кезектегиVI чакырылышынын ХХХVIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арызда көрсөтүлгөн жер тилкесин чечип берүү жагын жайыт комитетинин төрагасы У. Маралбаевге милдеттендирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча жана жерге ээлик кылуучу документтерди даярдоо жагы Э. Бадыровго милдеттендирилсин.
3. Чегерилген жер аянтынын төлөнүүчү жер салыктарын өз убагында төлөө арыз ээси Э. Бадыровго милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы белгиленген максаттардан башка максаттарга пайдаланылса , кайра артка кайтарылып алынсын.
5. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
6. .Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ж. Боронбаев |