Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 22
З.Байгазиевдин арызын канаттандыруу жөнүндө
Бел-Алды айыл аймагындагы Кишен участкасындагы ,суунун жээгинен , көпүрөнүн үстүнөн жерден 1га жер тилкесин Павлония дарагын өстүрүүгө чечип берүү жөнүндө Э. Байгазиевдин жазган арызын карап талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин кезектегиVI чакырылышынын ХХХVIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арызда көрсөтүлгөн жер тилкесин чечип берүү жагын жайыт комитети У. Маралбаевге милдеттендирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча жана жерге ээлик кылуучу документтерди даярдоо жагы Э. Байгазиевге милдеттендирилсин.
3. Чегерилген жер аянтынын төлөнүүчү жер салыктарын өз убагында төлөө арыз ээсиЭ. Байгазиевге милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы белгиленген максаттардан башка максаттарга пайдаланылса , кайра артка кайтарылып алынсын.
5. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
6. .Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ж. Боронбаев |