Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 23
Б.Токтогараевдин арызын канаттандыруу жөнүндө
Бел-Алды айыл аймагындагы эски алма бактан 0,50га жер тилкесин алмак бак отургузуп фонд уюштурууга чечип берүү жөнүндө Б.Токтогараевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин кезектегиVI чакырылышынын ХХХVIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арызда көрсөтүлгөн жер тилкесин чечип берүү жагын башкы адис Ч.Сманбековго милдеттендирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде багбанчылыкты өнүктүрүүнү саясатын эске алып , жерге ээлик кылуучу документтерди даярдоо жагы Б. Токтогараевге милдеттендирилсин.
3. Чегерилген жер аянтынын төлөнүүчү жер салыктарын өз убагында төлөө арыз ээсиБ.Токтогараевге милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы белгиленген максаттардан башка максаттарга пайдаланылса , кайра артка кайтарылып алынсын.
5. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ж. Боронбаев |