Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 24
Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Кара-Көл шаарынын Жазы –Кечүү айылынын атайын эсебинен түшкөн 4500 000 сом акча каражатынын ичинен жумшоо жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Кара-Көл шаарынын Жазы –Кечүү айылынын атайын эсебинен керектөөгө жараша 703 300 сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж. Сартованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин кезектегиVI чакырылышынын ХХХVIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керектөөгө жараша 703 300 сом акча каражаты төмөндөгүлөргө жумшалсын.
- Сары-Сөгөт айылындагы таза сууга кошумча турбага жана хоусту талапка ылайык бүтүрүүгө 175 300 сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
- Ы. Алымбеков орто мектебинин ажатканасын толук кандуу ишке киришине 128 000 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- М. Жамгырканов орто мектебинин кошумча корпусунун чатырчасын жабууга 400 000 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы жумуштарга бөлүнгөн акча каражатын пайдаланууну көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине тапшырылсын.
3. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ж. Боронбаев |