Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 25
Айыл аймагындагы мектептердин кышка карата даярдыктары, ремонтту жана аткарган иштери жөнүндө
Мектеп директорлору Н. Бапышова, Э. Бочоев, Н. Бекелееванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин кезектегиVI чакырылышынын ХХХVIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектеп директорлорунун аткарган иштери боюнча билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Окуу –тарбия иштерин жакшыртуу, окуучулардын аралыктан оку системасына болгон тосколдуктарды жоюу, мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жагын колго алуу, класстарды жылуулоо мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ж. Боронбаев |