Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХVII сессиясы
2020-жылдын 5-ноябры № 26
1. “Элкат” компаниясынын договорун жаңыртуу жөнүндө
Бел-Алды айыл өкмөтүнун башчысы Б.Багымбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын XXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл өкмөтунө караштуу Сары-Сөгөт айылындагы Уч айыл участогунда турган НРП Элкаттын станциясына айына 6000(алты миң)сом чегерилип,ай сайын төлөө жагы милдеттендирилсин.
2. Бел-Алды аймагындагы алыскы жайыттардан өткөн электр мамылары.каналдар.водопроводдор жана телефон линиялары ,интернетер чубалгылары өтсө,ар бир метрине 30(отуз) сомдон чегерип,келишимдин негизинде төлөө жагы милдеттендирилсин.
3. 2014-жылданберки”Элкат” компаниясынан төлөнүүчү ижара акысын келишимдин негизинде тактап.төлөнбөй калган сумманы өндүруп айыл өкмөтүнун бюджетине киргизүү жагы ФЭБ башчы Ж.Сартовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ж. Боронбаев |