Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХVIII сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 37
Бел- Алды айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин долбоорун бекитүү жөнүндө
«Бел-Алды айылдык Өкмөтунун 2021-жылдын бюджетин долбоорун бекитүү жөнундө Айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысынын Ж.Сартованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел- Алды айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXVIII—сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл өкмөтунун 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөму, өздук бекитилген киреше 2537,3 мин сом, атайын каражат 735,0 мин сом (атайын каражатты кошкондо ) 3272.3 мин сомго, тендөөчу грант 3282.9 мин сомго Жалпысы: 6555.2 мин сомго бекитилсин.
2. Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 6555.2 мин сом болуп бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн резердик фондусуна 2021-жылга жалпы бюджеттин көлөмүнүн 1%ти 65.5 мин сомго бекитилсин .
4. Бел-Алды айылдык кеңешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администратция жөнүндөгү мыйзамынын 33-беренесинин 5-пункутуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы №04-24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлору боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин
6. Айылдык Кеңештин сессиясына уюштуруу туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жана иш кагаздарын аткарууга ж.б кетүүчү чыгымдарын жергиликтүү бюджет айыл өкмөттө каралган статьялардан жумшалсын.
7. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Сартовага милдеттендирилсин.
1. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайытына жарыялансын.
2. Бул токтомду расмий жарыялоо жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жоопту катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ж. Боронбаев |