ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
9-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги №11-сессиясы
2020-жылдын 13-октябры № 5
Жунусалиева Салтанат Эрмекбаевнанын кайрылуусу жөнүндө
Шекер айылынын тургуну,үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жунусалиева Салтанат Эрмекбаевнанын кайрылуусу талкууга алынгандан кийин токтом кылам
1.Шекер айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кеңсесинин оңдоо түздөө жумуштарын толук кандуу бүтүрүү үчүн 60000 (алтымыш миң) сом,ал эми жылытуу системасына жана кеңсенин ичине таза суу киргизүү үчүн 101000 (жүз бир миң) сом, жалпы суммасы 161000 (жүз алтымыш бир миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Сыдыгалиев Суйуналы Оморалиевичке тапшырылсын.
Төрага | К.Э.Иманалиев |