Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
9-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги №10-сессиясы
2020-жылдын 28-августу № 7
Ч.Айтматовдун музейине экспонаттарды алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Шекер айылындагы “Күркүрөө”маданий үйүндөгү Ч.Айтматовдун музейин райондук деңгээлдеги музей катары кеңейтүү максатында кошумча экспонаттарды сатып алуу үчүн токтом кылам:
1. Ч.Айтматовдун музейин райондук деңгээлдеги музей катары кеңейтүү максатында кошумча 350(үч жүз элүү) экспонаттарды сатып алуу үчүн айыл өкмөттүн ар кандай чыгымдар статьясынан 100000(жүз миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Экспонаттарды сатып алуу үчүн тийиштүү мекемелер менен келишим түзүлүп,айыл өкмөт тарабынан комиссиянын негизинде алып келинсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймак башчысы К.Чомотоевге милдеттендирилсин.
Төрага | К.Э.Иманалиев |