Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2004-жылдын 9-марты № 18
Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 328-1, 328-2, 328-3, 328-4-статьялар менен толукталсын:
"328-1-статья. Инвестициялык жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун башкаруучу компаниясынын өз милдеттерин аткарбоосу
Инвестициялык жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун башкаруучу компаниясынын кызмат адамынын Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары, пайдык инвестициялык фонддун эрежелери менен белгиленген милдеттерди аткарбоосу же сактабоосу, -
кызмат адамдарына эң аз айлык акынын жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
кызмат адамдарына эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
328-2-статья. Инвестициялык жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун каражаттарын максатсыз пайдалануу
Инвестициялык жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун тартылган акча каражаттарын максатсыз пайдалануу, -
кызмат адамдарына эң аз айлык акынын жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
кызмат адамдарына эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
328-3-статья. Инвестициялык жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун иштерине коюлган чектөөлөрдү сактабоо
Инвестициялык жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөргө карабастан иштерин жүзөгө ашыруусу, -
кызмат адамдарына эң аз айлык акынын жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
кызмат адамдарына эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
328-4-статья. Инвестициялык жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор тарабынан анын мүлкүн эсепке алуу жана сактоо боюнча талаптарды бузуусу
Инвестициялык жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун мүлкүн эсепке алуу жана сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактабоо, ага тете эле баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мүлктү сактоону жана баалуу кагаздарга укукту эсепке алууну бузуу, -
кызмат адамдарына эң аз айлык акынын жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
кызмат адамдарына эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.". 2. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 335-1-статья менен толукталсын:
"335-1-статья. Маалыматтарды ачуу тартибин бузуу
Эмитенттин, баалуу кагаздардын кесиптик катышуучусунун баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабоосу, -
баалуу кагаздар эмитентинин кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон отузга чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар - баалуу кагаздар эмитенттерине - эң аз айлык акынын жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө; баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар - баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларына - эң аз айлык акынын жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
баалуу кагаздар эмитентинин кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын отуздан жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар - баалуу кагаздар эмитенттерине - эң аз айлык акынын беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө; баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар - баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларына - эң аз айлык акынын беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2004-жылдын 26-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |