Редакцияот 24.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАКЫЯН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бакыян айылдык аймактык кеңешинин IV чакырылышынын XXVII сессиясы

2018-жылдын 24-майы № 14

Футболдук министадион жөнүндө

1.Орто мектепте жайгашкан минифутболдук стадион эркин акты менен айыл өкмөтүнүн балансына тургузулсун.

2.Министадионго жооптуу болуп Анварбек уулу Тубай дайындалсын .

3.Минифутболдук стадионду иштетүү боюнча айыл өкмөтү менен Анварбек уулу Тубайдын ортосунда 5-жылдык мөөнөт менен келишим түзүлсүн.

4.Министадионду пайдалануунун бир сааты 100 сом делинип белгиленсин.

5.Стадионго түшкөн акчанын 50% Анварбек уулу Тубайга айлык катары, 50% стадионго жумшалсын (оңдоо, топтор, отургучтар,сеткалар ж.б.у.с. керектөөлөр үчүн).

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

Ш.Жанышбеков