Редакцияот 29.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАКЫЯН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бакыян айылдык аймактык кеңешинин IV чакырылышынын XXIX сессиясы

2018-жылдын 29-августу № 1

Кошумча штаттар бирдиги жөнүндө

1.Бакыян айылындагы «МТФ-Ынтымак» турак массивиндеги Эшенаалы уулу Сейитбек ат.орто мектебинин башталгыч мектеп филиалынын класс-комплектери толбой калып, Бакыян айылындагы Жапар Чолпонбаев атындагы № 10 балдар бакчасы башталгыч мектептин имаратына көчүрүлүп,балдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу кошумча штат бирдиктерин киргизип берүү жагы Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жапар Чолпонбаев ат.№ 10 балдар бакчасынын башчысы Чолпонбаева И. тапшырылсын.

 

Төрага

Ш.Жанышбеков