Загрузка документа…
БАКЫЯН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бакыян айылдык аймактык кеңешинин IV чакырылышынын XXVIII сессиясы
2018-жылдын 6-августу № 2
«Талас-Тараз» автожолунун Бакыян айылдык аймагынан өткөн участкасына түнкү жарыктандыруу орнотуу жөнүндө
Бакыян айылдык кеңешинин IV чакырылыштагы депутаттарынын 3-август 2018-жылдагы XXVIII сессиясы, Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асылбековдун Талас өнүктүрүү фондунун эсебинен «Талас-Тараз» автожолунун Бакыян айылдык аймагынан өткөн участкасына түнкү жарыктандыруу орнотуу боюнча демилгесин угуп, талкуулап,
токтом кылат:
1.«Талас-Тараз» автожолунун Бакыян айылдык аймагынан өткөн участкасына түнкү жарыктандыруу орнотуу максаттуу жана керектуу деп табылсын.
2.Долбоорунун жалпы суммасы 1 684 971 (бир миллион алтыжүз сексен төрт мин тогузжүз жетимиш бир) сомду түзгөндүгү белгиленсин.
3.Калган чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
4.Бул токтомдун акткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асылбекого жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Жанышбеков |