Редакцияот 30.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАКЫЯН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бакыян айылдык аймактык кеңешинин IV чакырылышынын XXXI сессиясы

2019-жылдын 30-январы № 5

Султанбаев Бакайдын арызы жөнүндө

1.Бакыян айылынын тургуну Султанбаев Бакайдын 2011-жылы айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн ижарага алган жерлеринин 7 жылдык мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу арызы канааттандырылып,К-430/1,5 га контурунан 1,5 га жер аянты,К-435/2,6 га контурунан 0,30 га жер аянты—жалпысынан 1,8 га жерлердин ижара мөөнөттөрү 49 жылга узартылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

Ш.Жанышбеков